Ош: Алайдагы 80ден ашык жалгыз бой аялга социалдык шаарча курулду

20 сентября 2021, 12:50

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында 82 жалгыз бой эне үчүн социалдык шаарча курулду. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Социалдык шаарча Кувейт мамлекетинин коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган. Анда заманбап шарты менен курулган үч бөлмөлүү 82 батир бар.

Шаарчада ФАП, наабайкана, мечит, футбол талаасы жана 25 жумуш орун менен камсыз кылуучу тигүүчү цехи жайгашкан.