Ош: Араванда 3,5 млн сомго курулган бала-бакча ачылды

7 октября 2021, 14:30

Ош облусунун Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүндө 3,5 миллион сомго курулган балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу “Акчабарга” аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймакта буга чейин бала-бакча болгон эмес. 30 орундуу мекеменин курулушуна 1 миллион 742 миң сом кыргыз-корей кызматташтыгы долбоорунун алкагында жумшалса, калган 1 миллион 600 миң сомун жергиликтүү бийлик каржылаган. Ошондой эле, айыл эли 400 миң сом чогултуп берген.

Курулушу 2019-жылы башталган бала-бакчанын имараты пандемиянын айынан токтоп турган.