Ош: Араванда буудай кымбаттады

2 сентября 2021, 12:00

Ош облусунун аймагында буудайдын баасы кымбаттап, дыйкандар быйыл анын килосун 30 сомго чейин сатышууда. Бул тууралуу “Акчабарга” Араван райондук администрациясынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти.

Былтыр Араванда буудайдын килограммы 12-13 сомдон сатылган.

“Быйыл дыйкандарга келген кардарлар дүңүнөн 25 сомдон алса, базарда буудайдын баасы 30 сомго чейин сатылууда. Баанын өскөндүгү дыйкандарга көп деле киреше алып келбейт, себеби түшүм аз болгон”, - деди Араван райондук администрациясынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Пайзылда Мырзабарамов.

Ошто негизинен буудай Араван жана Кара-Суу райондорунда айдалат. Араванда быйыл 1 миң 115 гектар жерге буудай эгилген. Ал эми облус боюнча 40 миң 492 гектар жерге айдалат.