Ош базарында мыйзамсыз дары саткандар аныкталды

19 мая 2023, 17:40

Ош базарында мыйзамсыз дары саткан жарандар аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, күч органдары сатуучулардын Ош базарында жана “Берекет универсал” соода борборунун аймагында тыюу салынган дарыларды сатып жатканын аныкташкан. 

“Мындан тышкары, дары-дармек сатуучулар кызматкерлерге каршылык көрсөтүп, бир нече жолу сокку урган. Алар соода түйүндөрүн жабууга аракет кылып, сатуучу аялдардын бири ИИМдин Коопсуздук кызматынын кызматкеринин колун тиштеп алган”, - деп айтылат маалыматта. 

Жыйынтыгында кызматкерлер өз алдынча мыйзамсыз дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды саткан жарандарга протоколдорду түзүштү. Алардын бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экөөнө айып салынды.