«Ош» эл аралык аэропорту Алматы шаарынан алгачкы чартердик каттамды тосуп алды

16 февраля 2021, 14:45

«Ош» эл аралык аэропорту 2021-жылдын 16-февралында «SCAT» авиакомпаниясынын «Алматы-Ош-Алматы» багыты боюнча алгачкы чартердик каттамды тосуп алды.

 

 Чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат.

 Бул каттам менен Алматы шаарына 1 жаш баланы кошкондо 142жүргүнчү учуп кетти.

 «МЭА» ААК COVID-19 пандемия маалында учактарды жана жүргүнчүлөрдү кынтыксыз тейлөөдө жана ошондой, эле ооруну жуктурбоо үчүн коргонуучу бардык чараларды көрүүдө.