Ош мэриясы канализациянын курулушуна 21 млн сомдон ашык каражат сарптайт

3 мая 2021, 12:43

Ош шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы канализация тармагын курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 21 миллион 484 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, курулуш Атабаев көчөсүнөн Техникалык көчөгө чейин жүргүзүлөт, алардын ортосундагы аралык бир чакырымга жакын. Мындан тышкары, жети көчө тармакка туташтырылат:

Кольцова көчөсү;

Макаренко көчөсү;

Алиев көчөсү;

Суриков көчөсү;

Шопоков көчөсү;

Нарын көчөсү;

Крупская көчөсү;

Ленинабад көчөсү, № 2 МТУда.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн подрядчиктерге беш ай убакыт берилет.