Ош облусу боюнча быйыл 19 социалдык объект пайдаланууга берилет

23 августа 2021, 17:30

Ош облусунда учурда 192 обьекттин курулушу жүрүп жатат. Алардын ичинен быйылкы жылы 19 курулушту бүтүрүү пландалган. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош облустук капитал курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Аларга жети мектеп, бир спортзал жана төрт бала-бакча, бир саламаттык сактоо мекемеси жана алты таза суу менен камсыздоо кирет. Бул курулуштарды быйыл бүтүрүүгө республикалык бюджеттен 415,2 млн сом каражат каралып, 218,0 млн сом акча бөлүнүп берилген.