Ош облусуна быйыл бюджеттен 940,6 млн сом бөлүндү

30 марта 2023, 17:25

Быйыл 2023-жылга республикалык бюджеттен Ош облусуна 940,6 млн сом бөлундү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган каражат азырынча кайсы тармактарга бөлүнөрү айтыла элек. 

Каражат райондор боюнча төмөнкүдөй бөлүндү:

  • Алай району - 160,9 млн сом;
  • Чоң-Алай району - 50,2 млн сом;
  • Араван району - 94,1 млн сом;
  • Кара-Суу району - 155,3 млн сом;
  • Ноокат району - 142,9 млн сом;
  • Кара-Кулжа району - 152,6 млн сом;
  • Өзгөн району - 184, 6 млн сом. 

Эске салсак, 2022-жылы Ош облусу боюнча үлүштүк гранттар боюнча 52 долбоор ишке ашырылып, ага 106, 2 млн сом жумшалган.