Ош облусунда пахтанын баасы 90 сомго чыкты

25 сентября 2021, 12:30

Ош облусунун аймагында быйыл пахтанын баасы эки эсе көтөрүлдү. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош облусунун Араван райондук администрациясынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда былтыр ушул мезгилде пахтанын баасы килосуна 40 сомдон сатылган. Учурда Араванда биринчи терим бүтүп, пахта 95 сомго чейин болууда.

Ош облусу боюнча быйыл жалпы 8 миң 158 гектар жерге пахта эгилип, пахта талаалары былтыркы жылга салыштырмалуу 1433 гектарга азайган.