Ош облусунун Алай районунда кичи ГЭС курулат
Ош облусунун Алай районунда кичи ГЭС курулат. Объект Гүлчө дарыясынын жээгинде жайгашат.
Тогуз мегаватт кубаттуулуктагы станция Алай районунун электр энергиясына болгон муктаждыгынын 86%ын камсыздайт.
ГЭСти ишке берүүдө заманбап жогорку технологиялык жабдуулар колдонулат. Курулушка төрт миллион доллардан ашык каражат бөлүнөт. Акчаны кыргыз-орус өнүктүрүү фонду берет.