Ош: санитардык талаптарды сактабаган 10дон ашык жай жабылды
Ош шаарында санитардык талаптарды сактабаган 10дон ашык жай жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.
Калктын саламаттыгын коргоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүүдө.
Анын алкагында аныкталган мыйзам бузуулардын натыйжасында 5 сулуулук жана косметологиялык салон, 4 тиш дарылоочу борбор, 5 медициналык дарылоо бөлүмү жабылып, санитардык талаптарды сактабагандарга жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, эскертүүлөр берилди.
Мындай текшерүүлөр сентябрдын аягына чейин уланат.