Ош шаарын өнүктүрүү боюнча беш ири долбоор ишке ашат

23 мая 2023, 16:46

Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында беш ири долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. 

Белгилеп кетсек, Бүткүл дүйнөлүк банк Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 6 млн. доллар грант берген.

Аткарыла турган долбоорлор: 

  • Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө (2-этап);
  • С. Ибраимов атындагы Улуттук Драма театрынын айланасын оңдоп-түзөө;
  • А. Навои эс алуу жайынын бир бөлүгүнө атайын эс алуу аймагын куруу;
  • Т. Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;
  • Борбордук аянттагы фонтан.