Ош шаарында «Агро Экспо – 2023» жарманкеси өтүүдө
Оштогу Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу” деген темада “Агро Экспо - 2023” жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Аталган жарманкеге өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, үрөн, жаңы технология жана кызмат көрсөтүү тармагындагы өндүрүүчүлөр жана дыйкандар катышууда.
Иш-чара төмөнкү багыттарда өтөт:
- айыл чарбасында ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү;
- өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана жер семирткичтер;
- асыл тукум мал;
- мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн өнүмдөр;
- жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн көчөттөрү жана башка табигый азыктары.
Мындан тышкары, агрономия, мал чарбачылыгы, балчылык, агроөнөр жай комплексинде киреше алып келүүчү кызмат көрсөтүүлөр, финансылык жана инвестициялык кызматтар боюнча акысыз кеңештер берилет.
Жарманке 2-3-мартта өтөт.