Ошто биринчи аймактык туристтик форум өтүүдө

27 сентября 2021, 14:20

Ошто “Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2021” аттуу туристтик форум өтүүдө. 26-сентябрда башталган иш-чара бүгүн да уланат.

Аталган форум Экономика жана каржы министрлигине караштуу Туризм департаменти, Ош шаардык мэриясы жана эл аралык, ата-мекендик өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулду. Ага Кувейт, Индия жана Англиядан келген туристтик операторлор катышууда.

Форумдун жүрүшүндө туризмди өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жалпы 1 миллиард сом бөлүнөөрүн Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров билдирди. Ал ошондой эле кийинки жылдан тарта бир гана сырткы туризм эмес, ички туризмди өнүктүрүү колго алынаарын айтты.

Ошондой эле форумда “Чоң регионалдык турбизнес жаңы шарттарда” аттуу тегерек стол уюштурулуп, виза алуу, байланыш жолдору, турбизнести өнүктүрүү боюнча талкуулар өттү.