Январь айында Ош орусиялыктар үчүн популярдуу багытка айланды

2 января 2023, 13:05

Ош шаары 2023-жылдын январында орусиялыктар үчүн эң популярдуу багыттардын бирине айланды. Бул тууралуу “РБК” медиахолдинги билет издөө кызматынын OneTwoTrip маалыматына таянуу менен билдирди.

Анткен менен Түркиянын Стамбул шаары чет элдик багыттардын арасында лидер болууда (издөө сурамдарынын 12,9%). Андан кийин Армениянын борбору Ереван (6,5%) жана Таиланддын Пхукет аралы (5,7%) турат. 

Маалыматка ылайык, колдонуучулардын 55% Орусияга билет издеген. Издөө сурамдарынын 20,5% Москвага, 12,4% Сочиге, 10,9% Санкт-Петербургга туура келген.