Ош жана Жалал-Абадда жаңы аэропорттор курулат

2 мая 2023, 11:00

Ош жана Жалал-Абадда жаңы аэропорттор курулат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул бардык эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тилкелерде курулган толук кандуу аэропорттор болот.

Ал эми азыркы аэропорттордун ордуна заманбап турак жайларды куруу пландалууда. Курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген ипотека менен берилери айтылды.