Ошто 2019-жылы электромобиль чыгарылат

14 июня 2019, 09:39

Ошто завод 2018-жылы курулуп баштаган. Анда 10 миң чарчы квадрат метрге жайгашкан заводдо электромобилдер чыгарылат. Бул тууралуу «Кыргыз Унаа Курулуш» ЖЧК билдирди. Машина куруу ишканасы 2019-жылдын 2-чи кварталында толук кубаттулукта иштей баштайт. 

Жалпы инвестицясынын көлөмү  150 млн. доллар, анын  10 млн. доллары  курулуштун биринчи этабына каралган. Негизги каражаттар машина курууга керектүү  техникаларды алышат.

«Кыргыз Унаа Курулуш» жүргүзүп жаткан курулуштарда алгач гидротрубиналар чыгарылат. Ossberger  менен Pelton ар кандай генераторлорду чыгарса, 2019-жылы  электромобиль чыгаруу башталат. 

Өнөр жай станоктору замандын талабына жараша европа менен россиядан алынып келинип, иштер автоматташтырылып, 300 жумушчу оруну түзүлөт.

Жогорку адистр Европа, Турциядан чакырылып, ал эми жергиликтүү 10 адис Европадан атайын окуудан өтүп келишкен.

Ишкана төмөндөгү продукцияларды чыгарат: 

- ГЭС үчү  турбиналар, генераторлор менен электроавтоматика
- Дизель менен бензин генераторлору
- Шамал генераторлору
- Ар кандай тетиктер
- Суу сордургучтар жана  башка тетиктер 
- Электромобили