“Ошэлектр” ААКнын жооптуу кызматкерлери 134 млн сом зыян келтиргени аныкталды

2 марта 2022, 11:11

“Ошэлектр” ачык акционердик коомунун жооптуу кызматкерлеринин коррупциялык аракеттери аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2016-2020-жылдар аралыгында аталган коомдун жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарып, бул аракеттерден улам 134 млн 404 миң 877,09 сомдук зыян келтирилгендиги тастыкталды.

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси “Корруция” менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары аталган коомдун мурдагы жетекчиси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш ишине тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ ушундай эле көрүнүш “Чыгышэлектр” ААКсынын Нарын филиалынын жооптуу кызматкерлери кармалган. Алар 2016-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин электр энергиясына болгон 219 млн 667 миң 300 сомдук карыздарды негизсиз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.