«Ошэлектро» атайын унааларды сатып алууга 48 млн сомдон ашык каражат сарптайт

16 сентября 2021, 09:19

"Ошэлектро" ачык акционердик коому атайын автоунааларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.

Тендердин жалпы баасы 48 миллион 339 миң сомду түзөт. 

Жеткирүү келишими түзүлгөн күндөн тартып буйрукту аткаруу үчүн 60 күн берилет.