Ош шаардык ооруканасы 10 млн сомго дары-дармек сатып алат

17 мая 2021, 10:45

Ош шаардык ооруканасы дары-дармектерди, реагенттерди жана СИЗ сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 10 миллион 198 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, медициналык стерилдүү кол капка 1 миллион сомдон ашык каражат сарпталат.