Оштогу санитардык-эпидемиологиялык борбор имараттарын оңдоого тендер жарыялады

21 ноября 2022, 09:23

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору имараттарды оңдоого тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.

Тендердин жалпы суммасы 19 миллион 132 миң сомду түзөт.

Белгилеп кетсек, эки блокту оңдоого 13,2 миллион сомдон ашык каражат жумшалса, калган 5,7 миллион сом асфальтты оңдоого сарпталат.