Ошто 10 миңден ашык үй-бүлөгө акысыз ун жана май таратылат
Ошто 10 миңден ашык үй-бүлөгө акысыз ун жана өсүмдүк майы таратылат. Азыкты Россия өкмөтү гуманитардык жардам иретинде тапшырды.
434 тонна байытылган ун жана дээрлик 38 тонна суу май 10 миң 820 аз камсыздалган үй-бүлө арасында бөлүштүрүлөт.