Ошто 117 млн сомго заманбап мектеп курулат

1 июня 2023, 10:10

Ош облусундагы Жылалды айылында 117 млн. сомго мектеп курулат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Бул тууралуу аталган облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди. 

Маалыматка ылайык, жаңы имарат спорт зал жана ашкана менен жабдылып, окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарттар түзүлөт. 

Жылалды орто мектебинин имараты 1970-жылдары “Чабандар үйү” деп курулган.  Бул  имараттын  эскилиги жетип, авариялык абалга келген. Учурда бул мектепте 636 окуучу билим алууда.