Ошто 18,7 млн сомдук жер мамлекеттин менчигине кайтарылды

22 февраля 2023, 15:31

Ош облусунда жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ош мэриясынын 2002 жана 2004-жылдардагы токтомдору менен 16,44 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткен. 

Аталган жер тилкелери боюнча шаардык прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, натыйжада жер тилкелердин укук берүүчү иш кагаздары жараксыз деп табылды.

Жыйынтыгында, 18 млн 700 миң сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылган.