Ошто 77 млн сомго Кызыл-Сеңир жаштардын борбору курулду

29 ноября 2023, 11:13

Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылында  “CASA-1000” долбоорунун алкагында АРИС уюму тарабынан 210 орундуу жаштардын маданий борбору курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Маалыматка ылайык, “CASA-1000” долбоорунун алкагында АРИС уюму тарабынан айылдык жаштардын маданий борборун курууга 75 000 доллар, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 1 млн сом, Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан 1 млн сом акча каражаты бөлүнүп, кыска мөөнөттө бүткөрүлгөн.