Ошто арзан көмүр саткан жайлар ачылды
Ош шаарынын мэриясы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте көмүрдү арзан баада сатуучу жайларды уюштурду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясына таянып, “Reporter.kg” басылмасы жазып чыкты.
Аталган жайларда көмүрдүн килограммы 5 сомдон сатылууда.
Арзан баадагы көмүр сатылган жайлардын даректери:
- “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгы, С.Айни көчөсү, №80;
- “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дача кичи району);
- “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов көчөсү, №13.