Ошто банкоматтардан акча уурдоого шектелген эки жаран кармалды

30 марта 2023, 14:05

Ош облусунда банкоматтарды талкалап, андан акча уурдоого шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы билдирди. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү жарандар Ош шаарында, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда уурулук кылышкан. 

“Жалпы 2022-жылдын январынан 2023-жылдын февраль айына чейин 19 кылмыш иши жасалган. Шектүүлөр Ноокат районунун 31 жаштагы жана Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну. Экөө теӊ мурда бир нече жолу сот жообуна тартылышкан”, - деп айтылат маалыматта. 

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүүдө.