Ошто дагы эки социалдык дарыкана ачылды

14 февраля 2024, 09:20

Ошто дагы эки социалдык дарыкана ачылды.

Жергиликтүү мэриядан кабарлашкандай, аптекалар шаардагы үй-бүлөлүк медицина борборунун №2 жана үчүнчү филиалдарында жайгашкан.

Белгилеп кетсек, буга чейин Ош шаарында 4 социалдык дарыкана ачылган. Мында 1-2-топтогу майыптыгы барлар 25%, 3-топтогу жарандар 15%, калган тургундар дары-дармектерди 10% арзандатуу менен сатып алса болот.