Ошто элдин электр энергиясына карызы 9 млн сомдон ашты

3 августа 2021, 12:30

Ош шаарынын тургундарынын электр энергиясына болгон карызы бүгүнкү күндө 9 миллион 272 миң сомду түзөт. Бул тууралуу “Акчабарга” “Ошэлектро” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча, Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесинин юристтери электр энергияга болгон карызды өндүрүү үчүн сот органдарына 58 ишти өткөрүп беришкен. Анын ичинен 20 соттук иш "Ошэлектронун" пайдасына чечилди. Анын алкагында 248 миң 100 сом өндүрүлдү.