Ошто кыргыз-беларус бизнес форуму өтөт

23 февраля 2020, 12:00

Кыргызстандын вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен Беларус Республикасынын премьер-министринин орун басары Владмир Кухарев 2020-жылы Ош шаарында беларустук ишкердик өкүлдүрү менен соода-экономикалык миссиясын жана бизнес форумун уюштуруу боюнча сүйлөштү.

Жолугушуу ушул күндөрү Минск шаарында өтүп жаткан кыргыз-беларус соода-экономикалык кызматташуу Комиссиясынын өкмөттөр аралык отурумунун алкагында болуп өттү.

Отурумдун акырында Кубатбек Боронов беларус тарапка иш-чараны өткөргөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, кийинки отурумду 2021-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөрүүнү сунуштады.