Ошто экстремисттик уюмдун мүчөсүнө паспорт жасоого шектүү кармалды

29 марта 2023, 14:30

Ош облусунда Кыргызстандын паспортун жасалма жол менен даярдаган кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда туулган Кыргызстандын жараны "Х.У.О" “ИМ” (Ислам мамлекети) эл аралык террористтик уюмунун мүчөлөрүнүн өтүнүчү боюнча паспорт жасап берүүгө шектелүүдө. Ал Ош облусу боюнча ЖААККПКБ (жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо) органдарындагы байланыштары аркылуу террористтик ишмердүүлүккө катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн Өзбекстандын жарандарына Кыргызстандын паспортторун жасалма түрдө жасоого аракет кылган.

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда Кыргызстандын жаранынын эки паспорту табылган.

Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча учурда тергөө иштери жүрүүдө.