Ошто үлүштүк гранттардын эсебинен 86 долбоор ишке ашырылат

8 апреля 2024, 16:12

Быйыл Ош облусунда дем берүүчү гранттын эсебинен 257,3 млн сомдук 86 долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районундагы 12 объектке 35,3 млн сом бөлүнөт. 

  • Араван районунда 7 объектке 21,8 млн сом;
  • Кара-Суу районунда 18 объектке 54,6 млн сом;
  • Ноокат районунда 18 объектке 54,6 млн сом;
  • Өзгөн районунда 20 объектке 52,3 млн сом;
  • Чоң-Алай районунда 7 объектке 19,5 млн сом жумшалат.