Ошто саркынды сууларды тазалоочу завод курулат

29 марта 2024, 11:40

Ош шаарында саркынды сууларды кайра иштетүүчү завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришти.

Бул долбоор боюнча кечээ “Ош шаардык суу канал” муниципалдык ишканасы “АкНур АИБ” ЖЧКсы менен МЖӨ келишимин түздү. 

“Долбоор канализация тутумдарынан агынды суулардын өтө уулуу ылайларын (ТСС) жок кылуу, кайра иштетүү жана дезинфекциялоо аркылуу экологиялык коопсуздукту жакшыртууга багытталган, буга чейин канализация тутумунда болгон узак мөөнөттүү резервуарларды тазалоо, кайра иштетүү жана жок кылууга багытталган", - деп айтылат билдирүүдө.