Ошто сегиз санариптик жаңы аялдаманын курулушу аяктады

4 октября 2023, 12:10

Ошто сегиз санариптик жаңы аялдаманын курулушу аяктады. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, аялдамаларда санарип технологиялары киргизилип, шаардын онлайн-картасы жана жана коомдук транспорт кыймылынын каттамы менен LED-экрандар орнотулган.

Жалпысынан Ошто мындай 16 аялдама пайда болот деп пландалууда.