Ошто «Түштүк Экспо – 2023» көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат

18 сентября 2023, 15:30

Ошто “Түштүк Экспо – 2023” аталышындагы жетинчи эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманке өтүп жатат.

Ага Беларусь, Германия, Казакстан, Кытай, Оман, Орусия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Ирандын өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн өкүлдөрү, эл аралык коммерциялык эмес уюмдардын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышууда.

“Аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” бизнес форумунун алкагында энергетика, өнөр жай, кайра иштетүү, текстиль тармактары боюнча тажырыйба алмашуу иш чаралары каралган.

Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата белигленген иш чаранын соңунда туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандумдарга, келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.