COVID-19: Ошто вакцина түгөндү

1 июля 2021, 13:30

Ош шаарында Кытайдан жана Орусиядан келген вакциналар калбай калды. Бул тууралуу "Акчабарга" Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Жанара Токсонбаева билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарына акыркы жолу Орусияда жасалган "Спутник V" вакцинасынан 1050 даана алынып келинген. Вакцинанын акыркы 301 дозасы жакында эмдөөгө иштетилип бүттү.

"Ал эми Кытайдын "Синофарм" вакцинасынан 11 миң 336 даана келген. Мунун тең жарымы биринчи доза, жарымы экинчи доза. Бүгүнкү күндө биринчи дозаны алгандар экинчиси менен да эмделип бүттү", - деп билдирди Токсонбаева.


Дарыгердин айтымында, Ошко эми качан вакцина келээри азырынча белгисиз.