Ошто жарым жыл ичинде 500дөн ашуун адам жеңилдетилген насыя алды

27 июля 2021, 16:00

Айыл чарбасын каржылоо долбоору боюнча Ош облусунда ушул жылдын 1-июлуна карата “РСК Банк” аркылуу 511 жаранга 237,7 миллион сомдук жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн региондорду өнүктүрүү бөлүмү билдирди.

Жеңилдетилген насыя мал чарбасы менен алектенген 379 жаранга 168,3 млн сом, талаачылык кылган 124 жаранга 46,6 млн сом жылдык 10% үстөгү менен берилген. Ал эми айыл чарба продукциясын кайра иштеткен сегиз кишиге 22,8 млн сомдук насыя жылдык 6% менен берилди.