Ошто он жыл аралыгында 10 чакты өнөр-жай ишканасы ишин токтоткон

26 июля 2021, 16:00

Ош облусунун аймагындагы 60 тан ашуун өнөр-жай ишканаларынын ичинен 2008-жылдан тарта 10дой ишкана түрдүү себептер менен ишмердүүлүгүн токтоткон. Аларга көбүнчө пахтаны кайра иштетүүчү заводдор кирет. Бул тууралуу "Акчабарга" президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн региондорду өнүктүрүү бөлүмү билдирди.

Учурда аймакта 41 ишкана туруктуу түрдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Анын ичинен төртөө өсүү темпин камсыздай албай келет.

Өнөр жай тармагындагы эң көп өсүү Араван районунда байкалган. Андагы ишканалардын өсүү темпи 39,7% түзүп, көрсөткүч цемент заводдорунун эсебинен көбөйгөн. Ал эми Ноокат районунда өнөр жай үлүшү 33,6%, болсо, Кара-Сууда бул көрсөткүч 14,2%, үлүштү, Өзгөндөгү таш чыгаруучу заводдун эсебинен үлүш 8,7%, түзөт. Алай районунда 2,8%, Кара-Кулжада 0,7% жана Чоң-Алай районунун өнөр-жай үлүшү анда иштеп жаткан алтын кенинин эсебинен 0,3% түзөт.