Ошто жылуулук берүү токтотулду

25 марта 2024, 10:50

24-мартка караган түнү Ош шаарында жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка мэр Бакытбек Жетигенов кол койду.

Жылуулук менен камсыздоочу уюмдарга келерки жылытуу мезгилине даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилди.