Оштогу оорукана 9 млн сомдон ашык каражатка дары-дармек сатып алат

26 мая 2023, 12:16

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы 9 млн. 385 миң 600 сомго дары-дармек сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады. 

Подрядчы салык карызынын жоктугу тууралуу маалымат бериши шарт. Ошондой эле, буга чейин окшош келишимдерди, кызматтарды аткаруу тажрыйбасына ээ болушу керек. 

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 8-июнь.