Оштогу «Жапалак» унаа базарына кошумча үч жол ачуу каралууда

1 февраля 2024, 11:05

Оштогу "Жапалак" унаа базарына кошумча үч жол ачуу каралууда. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, муну менен аталган унаа базарына кеткен жол тыгыны толук чечилет деп күтүлүүдө.

Кошумча жолдорду ачуу үч этапта ишке ашат. Тагыраагы, Бекмамат Осмонов көчөсүнөн Бирлешкен айылына чейин, Осмонов көчөсүнөн Амир-Тимур көчөсүнө чейин жана Бирлешкен айылынан Жапалак айыл аймагынын Гүлбаар-Төлөйкөн айылына чейин болот.

Кошумчалай кетсек, "Жапалак" унаа базарынын айланасына заманбап шарттары менен жашылча, мөмө-жемиштер жана унаа тетиктерин саткан жай менен логистикалык борбор ачуу пландалууда.