Оштон Стамбулга жаңы авиакаттам ачылды
Эми Оштон Түркиянын Стамбул шаарына түз каттам менен жетүүгө болот. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Стамбул-Ош-Стамбул" маршруту боюнча жаңы туруктуу каттам 2021-жылдын 1-октябрынан тартып ишке кирет.
Жүргүнчүлөрдү ташууну Pegasus авиакомпаниясы жумасына үч ирет - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзөт.
Учуу убактысы 5 саат 30 мүнөттү түзөт.