Оштун жолдоруна 600дөн ашык жол белгилери жетишпейт

10 сентября 2021, 13:35

Ошто 634 жол белгилери жетишсиз. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык жолдор башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууда 634 жол белги керектелет. Ага жалпы 2,5 миллион сом жумшалат. Учурда кошумча жол белгилери үчүн тендер жарыяланганы белгилүү болду.

2020-жылдын башында 35 кесилишке 10 миллион сомго жол белгилери орнотулуп, төрт комплект жол чырак коюлган.

Эске салсак, Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору быйылкы жылы ишке кирээри күтүлүүдө.

Ал үчүн шаардагы 35 көчөнүн кесилишине 600 видеокөзөмөл орнотулган.