Oskar Moda Бишкекте кеңейтилген фабрикасын ачты

21 апреля 2021, 13:00

"Оскар Мода" кеңейтилген жаңы тигүү фабрикасы Бишкекте USAIDдин колдоосу менен ачылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги компанияны жаңы жабдуулар менен камсыздап, кызматкерлерге заманбап башкаруу тажрыйбасын жана эмгек стандарттарын ишке ашырууга жардам берди. Компания өзү жаңы имараттын курулушун камсыздап, кошумча тигүү жабдыктарын сатып алган.

USAIDдин колдоосунун аркасында компания 100дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзө алгандыгы белгиленди.

Агенттиктин жардамы Кыргызстанда көбүрөөк жумушчу орундарын түзүү максатында өндүрүштү кеңейтүүгө жана сатууну көбөйтүүгө багытталган "Атаандаш ишкана" долбоорунун алкагында ишке ашырылды.