Баткендеги курулуш иштеринде мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген

16 ноября 2021, 15:41

Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мамлекетке 12 млн 480 миң 199 сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан Баткен шаарындагы Баткен медиа борборунун административдик имаратынын курулушуна жеке жактарга 11 млн 414 миң 918 сом жана Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы мектептин окуу корпусун узартууга 1 млн 65 миң 212 сом акча каражаты жеке жактарга которулгандыгы аныкталды. 

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, акча бүтпөй калган объектилер үчүн которулган. Ошентип, капиталдык курулуш жетекчилиги тендердин шарттарын бузган.