«Кант-Сүт» кызыктыруучу лотерея өткөрүүгө уруксат алды

12 сентября 2022, 13:23

5-9-сентябрь аралыгында Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан ломбард ишин жүргүзүү укугуна лицензия, ошондой эле лотерея өткөрүүгө уруксат берилди.

Ошентип, "3132 ломбард" ОсДО ломбард ишин жүргүзүү укугуна лицензия алды.

Мындан тышкары, эми "Кант-Сүт" ЖЧКсы "Белая река 2022" сатып ал жана утуп ал" кызыктыруучу лотереясын өткөрө алат, ал эми "Грин Сервис Телеком" ЖЧКсы "Бактыңды карма" кызыктыруучу лотереясын өткөрүү укугун алды.