Бажыда товарды жалган декларациялаган факт аныкталды

11 октября 2022, 09:20

Убактылуу сактоочу кампалардын биринде “А.Т.” ЖЧКсы тарабынан салмагы тууралуу туура эмес маалымат берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, жүк (токулган кийим, парда кездемелери, тигүү жиптери, жалюзи жана терезе жапкычтар) жарым чиркегичи бар жүк ташуучу унаа менен Түркиядан келген.

“Импорттук жүктүн белгиленген иш жүзүндөгү салмагы 23 миң 635 килограммды түздү. Ал эми жүктү алуучунун өкүлү аны 20 миң 364 килограмм өлчөмүндө деп көрсөтүп,товардын салмагы төмөндөтүлгөн. Бул жүк ташуу документтеринде көрсөтүлгөн. Маалыматтар документте кол менен оңдоо жолу менен жасалмаланган”, — деп белгиледи Мамлекеттик бажы кызматы. 

Материалдар каттоого алынып, текшерүү, кароо жана тиешелүү чечим чыгаруу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.