Транспорт салыгын төлөөгө эки жума калды

18 августа 2021, 11:38

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга транспорт, турак жай жана жер салыгын өз убагында төлөөгө эки жума гана калганын эскертти. Төлөө мөөнөтү 1-2-сентябрда бүтөт.

Жарандар салык төлөөнүн ыңгайлуу жолун тандай алышат. Муну каалаган банктын, почтанын кассаларында, ошондой эле төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу жасаса болот.

"1-сентябрга чейин транспортко, 2-сентябрга чейин турак-жайларга, батирлерге жана жер салыгына каражат төлөө керек. Жеке жактарга салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн административдик айып 1 миң сом, юридикалык жактар ​​үчүн 5 миң сом өлчөмүндө каралат", - деп билдиришти Мамлекеттик салык кызматынан.