Өсүмдүк майы менен кумшекердин корун толтуруу максатында 318,4 млн сом бөлүндү

31 марта 2021, 16:45

Экономика жана финансы министрлиги өлкөдө өсүмдүк майы жана кумшекердин корун толтуруу максатында 318,4 млн сом бөлдү.

 

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 290,3 млн сом бөлүнгөн, анын ичинен «Азык-түлүк программасы» функциясына 220 млн сом каралган. Бул каражаттар мамлекеттик материалдык резервди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жумшалат.

Азыркы учурда азык-түлүктүн номенклатуралык корун толуктоо милдети турат. Ал үчүн Экономика жана финансы министрлиги 318,4 миллион сом бөлдү.

Ошондой эле, социалдык мааниге ээ азык-түлүккө баанын өсүшүн ооздуктоо боюнча чараларды көрүү максатында, ЭФМ Базарлар ссоциациясынын, тейлөө чөйрөсүндөгү ишканалардын өкүлдөрүнүн, «Фрунзе», «Глобус», «Народный», «Шекер» дүң сатуу борборунун, КР жеткирүүчүлөр ассоциациясынын (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ж.б. катышуусунда бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында социалдык маанидеги товарларга бааларды кармап туруу боюнча (ТД «Народный,» ЖЧК «Глобус» жана жергиликтүү соода тармактары, «Партнер Кей Жи,» ЖАК «Фрунзе») макулдашылды. Келишим 2021-жылдын 9-мартында күчүнө кирген жана 2021-жылдын 1-июнуна чейин күчүндө болот.

Макулдашууга катышкан тараптар калк тарабынан туруктуу баада азык-түлүк товарларын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аракеттерди жана чараларды көрүүгө милдеттенишет.

 

Келишимдин предмети - азык-түлүктүн 4 түрүнө бааны кармап туруу боюнча чараларды көрүү:

- күн карама майы (премиум сегментсиз)

- 1-сорттогу ун

- кум шекер (салмагы боюнча)

- 1-сорттогу ундан жасалган калыпка салынган нан.

Жеткирүүчүлөр келишимге кол коюлган күнгө карата түзүлгөн келишимди же келишимдин күчүндө турган мезгилде, ар бир соода уюму менен товардын сатуу баасын келишимдин тиркемесинде көрсөтүлгөн өлчөмдө түзүүгө жана белгиленген убакка чейин бааларды көтөрбөөгө милдеттенишет.

 

«Экономика жана финансы министрлиги келишимге кол койгон ишкерлерге көрсөткөн социалдык жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирет. Келишим бизнес коомчулугунун башка өкүлдөрү үчүн да ачык», - деп айтылат маалыматта.