Абылгазиев: Элди толугу менен салыктан жана насыядан бошото албайбыз

13 апреля 2020, 10:47

«Банк системасынын туруктуулугун жана бюджеттин теңдештигин камсыздоо үчүн биз бардыгын салыктардан жана насыялардан бошото албайбыз. Эгерде биз мындай жеңилдиктерди берсек, анда жалпы финансы системасы бузулат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык штабдын жыйынында. 

Өкмөт башчы коронавирус пандемиясы финансылык кризиске, мунай зат рыногунун бузулушуна алып келгендигин белгиледи. 

 «Биз коронавирусту жеңгенден кийин экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү боюнча ойлонушубуз керек. Учурда экономика тармагына жана кайсы бир ишкерлик объектисине түзүлгөн кырдаалдын тийгизген таасирине терең талдоо жүргүзүлүүдө. Бардык ички жана тышкы ресурстар мобилизацияланууда. Ички резервдер боюнча биз артыкчылыктуу багыт болуп саналбаган чыгашаларды олуттуу түрдө кыскартууга жана бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптимизациялоого барып жатабыз. Тышкы жардамдардын көлөмү боюнча айтсак, болжолдуу түрдө 450 млн АКШ долларын түзөт. Бул каражаттар бюджетти жана бизнести колдоого багытталат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.